Кара-Кулжада “Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү
23 октябрь

Кара-Кулжада “Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү

Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Камыш айылында “Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №0 “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында уюштурулуп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү активдүү катышты.

Алар укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, жаштар арасында тарбиялык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында бир иш алып барышты.

Аны менен катар айыл тургундарын үймө-үй кыдырып, алардын көйгөйлөрүн угуп, жарандардын арыз-муңдарын кабыл алышты.

Эң негизги көйгөй катары таза суу менен камсыз болуу жана жайыт жерлердин тартыштыгы белгиленди. Тийиштүү мекемелер бул маселелерди өз көзөмөлүнө алып, чечүү жолдорун издөө боюнча тапшырмаларды алышты.

Бул иш-чаранын негизги максаты – жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калктын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана коомдо укук бузууларга жол бербөө болуп саналат.