Курулуш министрлиги: шаарлардын жана айылдардын деталдык пландоо долбоорлору каралды
23 октябрь

Курулуш министрлиги: шаарлардын жана айылдардын деталдык пландоо долбоорлору каралды

2025-жылдын 22-октябрында, Шаар куруу жана архитектура департаментинин техникалык кеңешмесинде шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүгө байланыштуу курулуштардын деталдык пландоо долбоорлору каралды.

• Жалал-Абад облусунун Манас шаарында 4 кабаттуу соода жана оюн-зоок кеңсе жайларын камтыган борбордун курулуш долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу.
• Бишкек шаарындагы Ахунбаев, Токтоналиев, Жаманбаев жана Шакиров көчөлөрү менен чектелген аймакты өнүктүрүү долбоору (1-этабы).
• Сокулук айылындагы Виджинью, Свобода жана Линейная көчөлөрү менен чектелген аймакты өнүктүрүү долбоору (1-этабы).
• Бишкек шаарындагы Кулатов, Ибраимов, Матросов жана Л. Толстой көчөлөрү менен чектелген аймакты өнүктүрүү долбоору (1-этабы).
• Бишкек шаарындагы Манас проспектиси, Токтогул, Исанов жана Москва көчөлөрү менен чектелген кварталды өнүктүрүү долбоору (1-этабы).
• Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы кичи райондорду жана кварталдарды өнүктүрүү долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
• Ош шаарындагы Помирская, Юсупов көчөлөрү жана Абдуллаев каналы менен чектелген аймакты өнүктүрүү долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу.
• Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан 800 га аянттагы “Баткен Сити” шаарынын башкы планынын эскизи жана деталдык пландоо долбоору (ДПД).