Ысык-Көлдө жер титиреди
17 октябрь

Ысык-Көлдө жер титиреди

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5,1 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, жер титирөө 17-октябрда саат 04:23тө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 балл, Кумтөр ишканасында 3 балл Каракол шаарында 2.5 балл (Бедел айылынан 138 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.