Мамлекеттик агенттик 14 жаштагы Асель Жуамлиевага жардам көрсөттү
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев өзүнүн эмгек жамааты менен биргеликте оор турмуштук кырдаалда калган, бирок жаштыгына карабай чоң жоопкерчилик алган Асель Жумалиевага жана анын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүштү.
Асель — Чүй облусунун Кожомкул айылында жашаган 14 жаштагы мектеп окуучусу. Ал психикалык жактан оорулуу апасы жана эжеси менен жашайт. Үй-бүлөсүн кароо милдети толугу менен жаш кыздын мойнунда. Атасы бар-жогу белгисиз. Мындай оор абалга карабастан, Асель өз алдынча жаңы үй куруп баштап, коомчулукту таң калтырган. Бул кайраттуу кызга жардам берүүгө көптөгөн кайдыгер эмес жарандар менен катар мамлекеттик органдар да кошулууда.
Мамлекеттик агенттиктин демилгеси менен Аселдин үй-бүлөсүнө төмөнкү жардам көрсөтүлдү:Муздаткыч,Газ плита, Кир жуучу машина. Жана башка буюмдар.
Ал эми Базарбаевдин сунушу менен “Авангард стил” компаниясы Чатыр жабуучу материалдар, үйдүн полу үчүн материалдар, эшиктер сыяктуу жалпысынан 250 миң сомдук материалдык жардам Аселдин үй куруусун тездетүүгө жана үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга берилди.
Ал эми Асельдин үйү жайгашкан жерде суу жок болгондуктан, алар күн сайын коңшу айылдан суу ташууга аргасыз болушкан. Бул оор шартты эске алуу менен, араб кайрымдуулук фонддору үй-бүлө үчүн суу чыгаруу иштерин колго алууну өз мойнуна алышты. Жакын арада жер алдындагы суу булагы бургулап чыгарылып, туруктуу суу менен камсыздалары күтүлүүдө.
Кудайберген Базарбаев бул кайрымдуулук акциясын демилгелөө менен мамлекеттик кызматкерлер да жарандардын көйгөйүнө кайдыгер болбошу керектигин белгиледи:
«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга кайрылуусунда эл менен тыгыз иштөө зарылдыгын бир нече ирет баса белгилеп, «Кабинетте бекинип отурбастан, элдин көйгөйүнө түз аралашкыла» деген чакырык менен коомдун аярлуу катмарына өзгөчө көңүл бурууну талап кылган. Биз мамлекеттик кызматта жүрүп, элге жардам берүүнү биринчи милдет катары кабыл алышыбыз керек. Асель — кайраттуулук менен үмүттү жандандырган кыз. Биз ага жана үй-бүлөсүнө жардам берип эле тим болбостон, алардын укуктук маселелерин да чечүүгө милдеттүүбүз», — деди ал.
Мындан сырткары, Кудайберген Базарбаев жеке көзөмөлүнө алып, Аселдин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон бир катар документтик маселелерди чечүүгө жардам берди. Атап айтканда:
Жер тилкесине байланыштуу менчик укуктук документтердин катталышы
Бул аракеттердин баары үй-бүлөнүн укуктук жана социалдык жактан корголушун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.
