Ат-Башыда катуу шамал катталып, көп батирлүү үйдүн чатырын учурду
13 май

Ат-Башыда катуу шамал катталып, көп батирлүү үйдүн чатырын учурду

Нарын облусунун Ат-Башы районунда бүгүн, 13-майда саат 15:00 чамасында катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, чыгыштан-батышка карай соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 16-19 метрге чейин жеткен.

Анын кесепетинен Ат-Башы айлынын Абыкеев көчөсүндө жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн 150 чарчы метр тунике менен жабылган чатырын учурап кетти. Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

АКТ 14-май күнү түзүлөрү белгилүү болду.