Бекжан Үсөналиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды
2 декабрь

Бекжан Үсөналиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 2-декабрда жаңы чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин алгачкы отуруму өтүп, анда жаңы төрага шайланды. 

Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен "Адилет" партиясынан Бекжан Үсөналиев төрага болуп шайланды. "Макул" - 43 депутат, "каршы" - 4ө добуш берсе, үч адам добуш берүүдөн карманып койгон. Бир эл өкүлү сессияга катышкан эмес.

Бекжан Үсөналиев 36 жашта. 

Эске сала кетсек, ушул жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешине 5 партия өткөн (51 депутат).