Бишкекте үйлөргө жылуулук жеткирүүдө ата-мекендик технологиялар колдонула баштайт
Бишкек шаарында үйлөргө жылуулук жеткирүүдө ата-мекендик технологиялар колдонула баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзоа билдирди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымдагандай, учурда өзүбүздө жасалган ар бири 10 МВт болгон (баардыгы 70 МВт) жылуулук берүүчү заманбап, жаратылыш газы менен иштеген откана жабдуулар сыноолордон ийгиликтүү өттү жана колдонууга даяр (жаратылыш газын кошууну күтүүдө).
Мэрдин айтымында, откана жабдуулардын баасы чет элдик компаниялардын так ушундай эле иштеген жабдууларынан 3-4 эсе арзан жана сапатынан кем калбайт.
Откана жабдуулар Бишкек ЖЭБине (ТЭЦ) көз каранды болбой автономдуу иштейт.
Шаардагы үйлөргө жылуулук берүүдө ЖЭБден көз карандылыкты арылтуу биринчи кезекте азыркы учурда жылуулук жеткирүүдөгү жоготууларды азайтуу жана жылуулук берүү ишиндеги бир обьектиге көз карандуулуктан арылтуу максатын көздөйт.
