Бишкектин мэри жолдордогу асфальттын сапатына байланыштуу маселелер бар экенин мойнуна алды
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 сентябрь

Бишкектин мэри жолдордогу асфальттын сапатына байланыштуу маселелер бар экенин мойнуна алды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын айрым жол тилкелеринде асфальттын сапатына байланыштуу көйгөйлөр бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал борбор калаада жаңыланган инфраструктуралык объектилерге уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө журналисттердин жолдорду оңдоонун сапатына байланыштуу суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Айрым жерлерде асфальттын сапаты чындыгында талаптагыдай эмес болушу мүмкүн», – деди Жунушалиев.

Ошол эле учурда мэрия ар бир жол тилкесин текшерип, эгер мыйзам бузуулар аныкталса, подряддык компанияларга карата тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экенин белгиледи.

Анын айтымында, келишимдердин шарттарына ылайык, подрядчылар аныкталган кемчиликтерди өз каражатынын эсебинен оңдоого милдеттүү.

«Эгер подрядчы тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталса, ал өз эсебинен калыбына келтирет», – деп баса белгиледи шаардын мэри.

Жунушалиев ошондой эле Ауэзов көчөсүндө жол оңдолгондон кийин асфальт төшөлгөн жердин деформацияланган учурун эске салды. Бул тилкедеги иштердин наркы болжол менен 95 млн сомду түзгөн.

Мэрдин айтымында, ошол учурда муниципалитет укук коргоо органдарына кайрылып, жолду калыбына келтирүүгө башка компания тартылган.

Борбор калаанын мэри учурда жол куруу иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөнүн белгиледи. Буга чейин жылына 17дей жол оңдолсо, азыркы учурда иштер болжол менен 170 чакырым жолду камтууда.

Ошол эле учурда мэрия кемчиликтерди көз жаздымда калтырбай, подрядчылардан аныкталган мүчүлүштүктөрдү жоюуну талап кыларын билдирди.