Кыргызстанда учурда пенсионерлердин саны 825 миңден ашты
Кыргызстанда учурда пенсионерлердин саны 825 миңден ашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова «Түз байланыш» программасынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, калктын санынын өсүшү жана демографиялык абалдын өзгөрүшү менен бирге пенсия алуучулардын саны да акырындык менен көбөйүүдө.
Салыштыруу үчүн программанын алып баруучусу 2005-жылы өлкөдө пенсионерлердин саны 530 миңге жакын болгонун белгиледи.
Кулжанованын айтымында, Социалдык фонд бюджетти пландаштырууда пенсионерлердин, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн жана түшүүлөрдүн болжолдонгон өсүшүн эске алат.
«Биз милдеттенмелерибиз менен кирешелерибиздин ортосунда тең салмактуулукту сакташыбыз керек», – деди ал.
Социалдык фонддун өкүлү ошондой эле акыркы беш жылда мекеменин бюджети эки эседен ашык өскөнүн билдирди. Анын айтымында, ушул эле мезгилде пенсиянын өлчөмү да эки эседен ашык көбөйгөн.
