Кыргыз драма театры 100-сезонун "Төлгө" спектакли менен ачты
2026-жылдын 23-сентябрында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 100-театралдык сезонунун ачылыш аземин өткөрдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Салтанаттуу иш-чарага маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышып, театр жамаатын жана көрүүчүлөрдү жаңы сезондун башталышы менен куттуктады.
Өз сөзүндө министрдин орун басары кыргыз театр өнөрүнүн улуттук маданияттагы ордуна токтолуп, театр жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Аземдин жүрүшүндө театрдын директору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асылбек Өзүбеков жана көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Альбина Имашова сөз сүйлөп, театр жамаатын жана көрүүчүлөрдү 100-театралдык сезондун ачылышы менен куттукташты.
Иш-чарага кыргыз театр өнөрүнүн улуу муунунун өкүлдөрү — Кыргыз Республикасынын Эл артисттери да катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Театр искусствосуна өмүрүн арнаган залкар инсандар кыргыз сахнасынын басып өткөн чыгармачылык жолун эскерип, бүгүнкү чыгармачыл муунга ак баталарын беришти.
Жаңы театралдык сезон Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Төлгө» спектакли менен ачылып, көрүүчүлөргө тартууланды.
100-театралдык сезон — Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын кылымдык чыгармачылык салтынын уландысы. Алдыда көрүүчүлөрдү жаңы спектаклдер, чыгармачылык изденүүлөр жана маданий долбоорлор күтөт.
