Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууга 250дөн ашык автоунаа бөлүнөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 сентябрь

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууга 250дөн ашык автоунаа бөлүнөт

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн квалификациялык экзамендерди өз убагында өткөрүп, кезектерди кыскартуу максатында 250дөн ашык автоунаа бөлүнөт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго барган учурда белгилүү болду.

Иш сапардын жүрүшүндө жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, онлайн-сервистерди кеңейтүү, санариптештирүүнү тездетүү жана квалификациялык экзамендерди өткөрүү системасын өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле чет өлкөдө иштөөнү пландаган кесипкөй айдоочуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Алар үчүн Code 95 талаптарына жооп берген заманбап автодром курулууда. Бул багыт боюнча буга чейин 200дөн ашык арыз келип түшкөн.

Каныбек Туманбаев экзамендерди өткөрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Борбордун инфраструктурасын жаңылоо иштери да уланууда. Бишкек шаарында борбордук аппараттын жаңы имараты курулуп жатат.

Мындан тышкары, жакынкы күндөрү Ош шаарында заманбап инфраструктурасы жана жаңы автодрому бар аймактык бөлүмдү ачуу пландалууда.