Кыргызстан БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду
2026-жылдын 22-сентябрында Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Малик Бектурганов Кыргыз Республикасынын атынан Бириккен Улуттар Уюмунун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койду.
Кол коюу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан БУУнун 2026-жылдагы Келишимдик иш-чарасынын алкагында өттү.
БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2024-жылдын 24-декабрында кабыл алынган Конвенция киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы БУУнун биринчи универсалдуу эл аралык-укуктук документи болуп саналат.
Конвенция маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу жана аларды тергөө боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, электрондук далилдерди алуу жана алмашуу механизмдерин өркүндөтүүгө, ошондой эле мамлекеттердин компетенттүү органдарынын өз ара ыкчам аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган.
Конвенцияга кол коюу Кыргыз Республикасынын трансулуттук киберкылмыштарга каршы күрөшүү, электрондук далилдерди сактоо жана алуу, ошондой эле жазык иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү жаатында чет мамлекеттер менен кызматташуусун мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Бул кадам Кыргыз Республикасынын заманбап жана трансчек аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган ишинин маанилүү этабы болуп саналат.
Мындан аркы этапта Конвенцияны ратификациялоого жана анын жоболорун улуттук мыйзамдарга имплементациялоого байланыштуу тиешелүү ички мамлекеттик жол-жоболор жүргүзүлөт.
