Бишкекте жаш таланттарды колдоого багытталган улуттук музыкалык долбоорунун презентациясы өттү
Маданият министрлиги
23 сентябрь

Бишкекте жаш таланттарды колдоого багытталган улуттук музыкалык долбоорунун презентациясы өттү

Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө 22-сентябрда «Art Муун» улуттук музыкалык долбоорунун презентациясы болуп өттү.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, долбоор жаш таланттарды колдоого, музыкалык искусствону өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын маданий мурасын жайылтууга багытталга.

Презентацияга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, УТРКнын башкы директорунун орун басары Сюита Соурбаева, Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков, ошондой эле композиторлор, музыканттар, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана долбоордун уюштуруучулары катышты.

Иш-чарада CURLTAI чыгармачыл бирикмесинин продюсери Данияр Орозбеков долбоордун концепциясы менен тааныштырып, «Art Муун» Кыргызстандагы таланттуу жаш аткаруучулар үчүн кесиптик чыгармачылык аянтча катары түзүлүп жатканын белгиледи.

«Art Муун» — жаш таланттарды колдоо жана кыргыз музыкасынын жаңы муунун өнүктүрүүгө багытталган чыгармачылык демилге.