24-сентябрда жерде магниттик бороон болушу күтүлүүдө
24-сентябрда жерде магниттик бороон болушу күтүлүүдө. Адистердин алдын ала баамында, ага Күндүн түштүк уюлунан экваторго чейин созулган ири короналдык тешик себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Күн астрономиясы лабораториясынын адистери билдиришти.
Короналдык тешиктен жогорку ылдамдыктагы күн шамалы чыгып, Жерге жеткен учурда планетанын магнит талаасында өзгөрүүлөрдү жаратышы мүмкүн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, геомагниттик өзгөрүүлөрдүн күчү 10 баллдын ичинен 5–6 баллга жетиши мүмкүн. Бул орточо күчтөгү магниттик бороонго туура келет.
Ошол эле учурда адистер жакынкы күндөрү Күндө күчтүү жаркылдоолордун болушун күтүшпөйт. Ири протуберанцтардын бөлүнүп чыгышы мүмкүн, бирок жалпысынан Күндүн абалы жана космостук аба ырайы тынч деп бааланууда.
Геомагниттик активдүүлүктүн болжолу күн шамалынын ылдамдыгы жана параметрлери тууралуу жаңы маалыматтардын түшүшүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн.
