Кыргызстанга эмне үчүн Citibank керек?
Citibank`тын Кыргызстандагы катышуусун кеңейтүү үчүн зарыл шарттар акырындык менен түзүлүп жатат. Бул тууралуу каржы маселелери боюнча көз карандысыз эксперт Медетбек Назаралиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Ири эл аралык банктардын бири менен кызматташуу маселеси президент Садыр Жапаровдун АКШга болгон жумушчу сапарынан жана анын Citibank`тын жетекчилиги менен жолугушуусунан кийин эксперттер тарабынан талкууланды.
Назаралиевдин айтымында, эл аралык каржы институттарынын Кыргызстанга болгон кызыгуусу күчөп жатат. Ал келечекте кызматташуу Citibank`тын өлкөдө катышуусун камсыз кылуу деңгээлине чыгышы мүмкүн экенин белгиледи.
Кыргызстандын Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев да ири эл аралык каржы түзүмдөрү менен сүйлөшүүлөр бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келгенин белгиледи.
Анын айтымында, азыр кыргызстандык каржы системасы эл аралык талаптарга жооп бериши үчүн өкмөт, Улуттук банк, коммерциялык банктар жана бизнес деңгээлинде ишти улантуу маанилүү.
Абдраевдин белгилешинче, ири эл аралык банктын келиши чет элдик инвесторлор үчүн маанилүү белги болуп, Кыргызстандын каржы секторуна болгон ишенимди жогорулатмак.
Ошол эле учурда эксперттер азырынча сөз кызматташтыкты өнүктүрүү жана мындан аркы иштер тууралуу болуп жатканын, Citibank`тын Кыргызстанда филиал ачуу боюнча чечим кабыл алына электигин белгилешти.
