Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттиктин директору алмашты
26 ноябрь

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттиктин директору алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Малбашев Тимур Жарышбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президент кол койгон башка тескемеге ылайык, Бексултан Токонов Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттиктин директору болуп дайындалды.