Бишкек шаарындагы №12 мектептин айланасындагы соода жайларынын демонтажы башталды
2025-жылдын 26-августунда Бишкек шаарынын мэри А.Дж. Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн Экологиялык кеңештин жыйынында шаардагы мектептердин тизмеси бекитилип, аларга мектеп айланасын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү ведомстволук структураларга жоопкерчиликтер жүктөлгөн.
Ошондой эле билим берүү мекемелеринин аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин уюштуруу боюнча эстелик-ыкмалык баракча иштелип чыгып, жалпы 111 мектептин айланасын камтыйт.
Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын комиссиясынын чечимине ылайык, Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан №12 орто мектептин айланасындагы соода түйүндөрүнүн ижара келишимдери бузулган.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан аталган объектилердин ээлерине демонтаж жүргүзүү боюнча эскертмелер тапшырылып, учурда демонтаж иштери жүргүзүлүүдө.
Жалпысынан бул даректе жеңил конструкциядагы 13 объектти бузуу пландаштырылган.
