Кербен шаарынын мэрине катуу сөгүш берилди
Аксы районунун мамлекеттик админитрациясынын башчысы – аким М. Саргазаков кол койгон тескемеге ылайык, Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдиновго катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, була мэрдин жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы себеп болгон.
Ал эми жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Сары-Челек а/ө башчысы Т.Айткуловго жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Касымбековго эскертүү тартиптик жазасы берилди.
