Борбордук милициянын кызматкерлери каракчылыкка шектелген адамдарды кармады, арасында жашы жете элек жаран бар
2025-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге А.М. аттуу жаран арыз менен белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, алар көрсөтүлгөн күнү эртең мененки саат 06:30 чамасында Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп, 23 миң сомдук кол саатты, 30 миң сом акча каражатын, "Айфон 13про" маркасындагы уюлдук телефонду жана өздүк буюмдарды ачык ээлеп алышкан. Андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 235 миң сом түзгөн.
Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын жана Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерелери тарабынан 2007-жылы туулган Т.Т., 2007-ж.т. Ж. Б., 2007-ж.т. А. О., 2008-жылы туулган К. Ж., шектүүлөр кармалган. Буга чейин жогоруда көрсөтүлгөн бардык адамдар ушундай эле кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон.
Кармалган учурда шектүүлөрдүн бири милиция кызматкерлерине мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефонду өз ыктыяры менен өткөрүп берген , ал буюм далили деп табылып, жабырлануучуга кайтарылган.
Учурда шектүү адамдардын Бишкек шаарынын аймагында жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталды.
Жогорудагы адамдардын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз: 0(771)16-21-99, 0(702)32-65-91 же 102.
