Бишкек шаарынын аймагында оюн-зоок жайларда алдын алуу текшерүү жүргүзүлдү
22 октябрь

Бишкек шаарынын аймагында оюн-зоок жайларда алдын алуу текшерүү жүргүзүлдү

Кечки саат 22:00дөн кийин Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ЭММКАК кызматынын кызматкерлери коомдук тартипти жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында оюн-зоок жайларын алдын алуу текшерүүдөн өткөрүштү.

Papa Rotti, Salam Namaste, Sandeep жана Taj Mahal тамактануучу жайларынын ижарачылары жана ээлери менен «Тынчтык мыйзамынын» талаптарын сактоо, саат 22:00дөн кийин ызы-чуу жаратпоонун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарандардын нааразычылыктарын жана укук бузуулардын алдын алуу максатында белгиленген убакыттан кийин ишмердүүлүктү токтотуу боюнча сунуштар берилди.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жеке коопсуздук чараларын сактоо зарылдыгына да көңүл бурушту. Чет элдик жарандарга кылмышкерлердин же башка укук бузуулардын курмандыгы болбош үчүн, кечинде жана түнкү убактарда шаар көчөлөрүндө өзгөчө зарылчылык болбосо жүрбөө сунушталды.

Эгерде чет өлкөлүк жарандар мыйзамсыз аракеттердин курмандыгы же жабыр тарткан болсо, 102 номери боюнча дароо кабарлап же бул тууралу жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылуу зарыл.