Ош шаарында айланма жол курулат. Долбоору иштелип чыкты
Эскиздик долбоору
3 ноябрь

Ош шаарында айланма жол курулат. Долбоору иштелип чыкты

Ош шаарында жол кыймылын иретке келтирүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бир катар иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, А.Масалиев кең көчөсү менен А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылынын өтүшү бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып, бир нече жолу жол-транспорттук кырсыктар катталып келет.

Жол кыймылын жөнгө салуу жана кырсыктардын алдын алуу максатында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга тапшырма берип, аталган кесилишке айланма жол куруу боюнча долбоор иштеп чыгууну тапшырган.

Мэрдин тапшырмасынын негизинде, эки көчөнүн кесилишинде айланма жол куруу боюнча эскиз долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Долбоор ишке ашырылса, аталган тилкедеги кыймыл иретке келип, шаардыктар жана айдоочулар үчүн бир кыйла коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт.