Сүйүнчү! Баткенде үч эм жарык дүйнөгө келди
Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын 34 жаштагы тургуну Бактыбай кызы Кызбурак үч эм кыз төрөдү. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ымыркайлар 2025-жылдын 30-апрелинде жарыкка келген. Бөбөктөргө Муслима, Дариха, Фатима ысымдары ыйгарылды.
Учурда эне-балдардын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Баткен районунун акиминин орун басары Жумагүл Сатыбалдиева, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Маканов, Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Омошевалар үч эмди кабар алып, Ош областтык төрөт үйүнө барышты.
Ымыркайлар үчүн Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан баалуу белектер, эне жана наристелер үчүн керектүү болгон буюмдар жана Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан 40 миң сом акчалай белек тапшырылды.
