Мэр Айбек Жунушалиев Курултай көчөсүнө комиссиялык текшерүү менен барды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда Курултай көчөсүнө комиссиялык текшерүү менен барды.
Мэриядан кабарлашкандай, Курултай көчөсүнүн Матисаков көчөсүнөн Кожомкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө муниципалдык жер тилкелеринин чегинен чыгып кеткен 13 тосмо аныкталган.
Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан аталган тилкелердин ээлерине алардын жерге болгон укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди берүү зарылчылыгы тууралуу эскертүүлөр берилген.
