
Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна кар көчкү түштү
Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад альтернативдик унаа унаа жолунун 346-348-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылган.
Тазалоо иштерине Чайна-Роуд ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.
Кошумча маалымат берилет.