Канттагы кант кызылчасын кабыл алуу пункттары күчөтүлгөн тартипте иштейт
17 октябрь

Канттагы кант кызылчасын кабыл алуу пункттары күчөтүлгөн тартипте иштейт

Канттагы кант кызылчасын кабыл алуу пункттары күчөтүлгөн тартипте иштейт, деп билдирет Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымат кызматы. 

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, быйыл Чүй облусундагы дыйкан-фермерлердин кант кызылчасын өстүрүүдөгү жаңы заманбап прогрессивдүү алдыңкы технологияны колдонуу менен  мол түшүм алышты.

Бүгүнкү күнгө карата 6 000 га  аянтта кант кызылчасы жыйналып, гектарынан 610 центнерден түшүм жыйналып, жалпы дүң түшүм 366 000 тоннаны түздү.  

Учурда кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында кант кызылчасын  тапшыруу учурунда  кант кызылчасы  жүктөлгөн машинелердин кезектерин  жоюу  максатында, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана КР президентинин Чүй облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын күч структураларыны жана  «Каинды-Кант», «Кошой» ачык акционердик коомдорунун жетекчилери  2024-жылдын 15-октябрында «Кант» жана «Кошой» кант кызылчасын  кабыл алуу пункттарында болушуп, жогоруда айтылган көйгөйлөрдү  ыкчам чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча органдары, райондук мамлекеттик

администрациялары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана КРнын күч структураларынын райондогу өкүлдөрү биргелешип төмөнкү иш-чараларды биргеликте уюштуруу сунушталды:

– бардык кант кызылчасын кабыл алуу пункттары   күчөтүлгөн тартипке өткөрүлүп,  кант кызылчасын кабыл алуу эртең мененки саат 08-00дөн кечки 22-00гө чейин эки саатка узартылып, дем алышсыз иштөө тартибине өткөрүү;

–    Кант кызылчасынын   түшүмүн кыска мөөнөттө кабыл алууну

 камсыздоого  багытталган  график иштеп чыгуу; 

–    Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу  «Кыргыз темир жол» мамлекеттик ишканасына тез арада   кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынан   кант кызычасын ташууга кошумча вагон бөлүп берүү.