Бишкекте республикалык команда-штабдык машыгуунун алгачкы күнү башталды
22 октябрь

Бишкекте республикалык команда-штабдык машыгуунун алгачкы күнү башталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республикалык команда-штабдык машыгуунун алгачкы күнүн Жылуулук электр борборунан баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Иш-чара жер титирөө кырсыгы катталган учурда Жарандык коргонуу кызматтарынын жана күчтөрүнүн аракеттерин текшерүү, алдын ала даярдыкты жана баалоо максатында өткөрүлүп жатат.

Ага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, министрдин орун басары Эрнест Жусупов баштаган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, күч түзүмдөрү жана Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Бул машыгуу Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү бөлүгү болгондуктан, аталган машыгуу – Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат.

Шамырканов белгилегендей, бүгүнкү күндө өзгөчө Бишкек шаары үчүн, жер титирөө коркунучу – реалдуу жана өтө кооптуу факторлордун бири болуп эсептелет.

Сейсмикалык активдүүлүгү жогору аймакта жайгашкан борбор калаабызда, калктын өтө жыш жайгашуусу, эскирген көп кабаттуу үйлөр жана инженердик тармактардын начар абалы – жер титирөө учурунда олуттуу адамдык же кайтарымсыз жана материалдык жоготууларга алып келүү коркунучун жаратууда.

“Тилекке каршы, акыркы жылдары борбор калаабызда курулуштардын сапаты, өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдүн жана бизнес борборлорунун сейсмикалык коопсуздугу боюнча талаптардын сакталбаган учурлары катталууда. Жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк – жогорку деңгээлде даяр болуусу учурдун талабы”, - деди Урматбек Шамырканов.

Мындан улам табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда биргелешкен иш аракеттердин мааниси чоң экени белгиленди.

Кошумчалай кетсек, 22-24-октябрь күндөрү өтөт. Эртең, 23-октябрда теориялык окутуу, 24-октябрда ЖЭБ-2де практикалык машыгуу болот.

Анда Жарандык коргонуу кызматтарынын күч-каражаттары, атайы унаалар, тик учак тартылат.