ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо. БШК дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
3 ноябрь

ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо. БШК дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы б2-ноябрда ушул жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.

БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды:

- Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин,
- Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясынын,
- Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын Элчилигинин,
- Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Элчилигинин,
- Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн,
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын,
- Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ),
- Парламенттик Ассамблеясынын,
- Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын.

Бардыгы болуп 54 байкоочу аккредитацияланды.

2025-жылдын 2-ноябрына карата жалпы 127 эл аралык байкоочу аккредитацияланган.