
Бишкектин айрым жерлеринде 18-20-октябрь күндөрү ысык суу болбойт
Бишкектин айрым жерлеринде 18-октябрдан 20-октябрга чейин ысык суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, өчүрүү борбордук жылуулук системасы бар жеке сектордогу турак үйлөргө гана тиешелүү болот. Суу көп кабаттуу үйлөрдө өчүрүлбөйт.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Бардык суроолор боюнча Кардарларды колдоо борборуна кайрылсаңыздар болот: 1980, (0312) 61-11-69, (0557) 61-11-66, (0701) 61-11-66.
Техникалык кызматтардын номерлери: (0312) 36-57-19, 30-07-67, 51-06-22, 21-74-06.