Бишкек: мас абалда коомдук тартипти бузган айдоочу кармалды
7 декабрь

Бишкек: мас абалда коомдук тартипти бузган айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) кызматкерлери мас абалда кооптуу аракеттерди кылган айдоочуну кармап, мыйзам чегинде чара көрүштү.

Мас абалдагы жаран колунда бычак менен көчөдө чуркап, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан. МККБнын кайгуул кызматкерлери ыкчам келип, айдоочуну кармашкан.

Кармоо маалында ал өз айыбын моюнга алып, чындыгында транспорт каражатын мас абалда башкарганын түшүндүргөн. Ага карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, материалдар териштирүүгө жөнөтүлдү.

МККБ эскертет: мас абалда унаа айдоо – адам өмүрүнө түз коркунуч. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындай мыйзам бузууларга катуу чаралар көрүлөт.