Санариптик өнүктүрүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды
5 июнь

Санариптик өнүктүрүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Алешевич Касымалиевдин тескемесине ылайык, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде төмөнкү кадрдык дайындоолор жүргүзүлдү::

  • Кубанов Нурсултан Кубанович - министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды;
  • Пирмаматов Азиз Салайдинович - министрдин орун басары болуп дайындалды;
  • Омор уулу Айбек - министрдин орун басары болуп дайындалды.

Министрлик санариптештирүү жана сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууну улантууда. Жаңы дайындоолор башкаруу курамын күчөтүүгө жана министрликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.