Нарында айыл чарба багытындагы кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу колго алынууда
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө айыл аймактарына кайра иштетүүчү айыл чарба ишканаларын ачуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, райондордун акимдери жана биринчи орун басарлары, райондук агрардык өнүктүрүү жана финансы башкармалыктарынын башчылары, "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фондунун жана "JSR" компаниясынын өкүлдөрү, Ат-Башы, Баетов, Байзак, Ормон-Хан, Мин-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчылары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери, дыйкан-фермерлер катышты.
Семинарда КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тарабынан айыл чарба багытындагы сырьёлорду кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу тапшырмасы коюлганын белгилеп, 1-декабрга чейин Нарын облусунун 5 районуна 5 ишкана ачууну акимдерге, айыл өкмөт башчыларына милдеттендирди.
Иш-чарада "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фондунун жана "JSR" компаниясынын өкүлдөрү тарабынан сафлор майын өндүрүүчү, койдун уяң жүнүн жана терилерди кайра иштетүүчү жана башка цехтердин жабдууларын каяктан, кантип алып келүү боюнча кенен маалыматтар, кеп-кеңештер берилди.
Семинардын алкагында "Миң-Булак муниципалдык курулуш ишканасынын" ишмердүүлүгү тааныштырылды.