Бишкектин Ала-Тоо аянтында муниципалдык инспекция күзөттү улантууда
16 октябрь

Бишкектин Ала-Тоо аянтында муниципалдык инспекция күзөттү улантууда

Муниципалдык инспекция борбордук Ала-Тоо аянтында тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча активдүү иштерди улантууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, өзгөчө тазалыкты, көрктөндүрүү эрежелерин сактоого жана башаламан соодадан алыс болууга көңүл бурулат.

Инспекторлор күн сайын шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Жарандарга ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүү үчүн тазалыкты сактоонун маанилүүлүгү эскертилет.

"Башаламан соода менен алектенген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлөт, бул аянттагы мыйзамсыз соода иши менен күрөшүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, инспекторлор патруль учурунда ата-эне, жакындарынан адашкан балдарга жардам көрсөтөт", - деп айтылат билдирүүдө. 

Мэрия тургундардан жана коноктордон шаардын аймагында тазалыкты жана көрктөндүрүү эрежелерин сактоону өтүнөт.