Айдоочулардын эсине! Бишкек – Ош трассасы кайрадан жабылды
16 октябрь

Айдоочулардын эсине! Бишкек – Ош трассасы кайрадан жабылды

Кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам, Бишкек – Ош унаа жолуна оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына кайрадан чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Башкармалыктан айдоочуларды кырдаалды туура түшүнүп, жол тескөөчүлөрдүн талаптарына толугу менен баш ийүүгө чакырышты. 

Азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы жана тийиштүү башка кызматтар жеринде иш алып барууда.