2027-жылы Кыргызстанда “Бишкек+25” II Глобалдык тоо саммити өтөт
17 октябрь

2027-жылы Кыргызстанда “Бишкек+25” II Глобалдык тоо саммити өтөт

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Пакистандын Исламабад шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-жыйынына катышты.

Өз сөзүндө минкаб башчысы Экологиялык проблемалардын курчтугун козгоп, бул контекстте тоолу аймактын суу ресурстары электр энергиясынын маанилүү булагы болгондуктан экологиялык маселелер энергетика менен тыгыз байланышта экенин белгиледи.

Бул багытта Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу аймактагы суу ресурстарын пайдалануудагы чыңалууну кыйла азайтат жана энергетика тармагында кызматташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп сыпаттады. 

Акылбек Жапаров БУУнун Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдардагы беш жылдык акциясын ишке ашыруу максатында жана Тоо беш жылдыктын жыйынтыктоочу этабы катары 2027-жылы Кыргызстанда “Бишкек+25” экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландалып жатканын дагы айта кетти.

Андан ары Акылбек Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы гуманитардык өз ара аракеттенүү зарылчылыгына токтолуп, «спорт саясаттан тышкары» принцибинде ШКУнун жыл сайын өтүүчү Ысык-Көл марафону “спорттук визиттик картага” жана айланганын белгиледи. 

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын колдоосу менен Бишкекте түзүлгөн ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий интеграция борборунун базасында ШКУнун кинофестивалдарын жана ШКУ өлкөлөрүнүн акын-жазуучуларынын арасында Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сынакты үзгүлтүксүз уюштурууну сунуштады.