
Марс Сариев: Кыргызстан Батыштын санкцияларынан коркпошу керек
“Кыргызстан көп векторлуу саясатты карманат”- деди саясат таануучу Марс Сариев “ЕАЭБ жана “Бир алкак – бир жол” концепциясы: байланыш чекити” аталышындагы тегерек столдо.
Тегерек стол Кыргызстанда “Караван инфо” маалымат агенттигинин ачылышына карата уюштурулду.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров ВГТРКнын кабарчысы Павел Зарубин менен болгон маегинде Батыштын кош стандарттары тууралуу жана алар Россия менен кызматташуу боюнча Кыргызстанга көрсөтмө бербеши керектигин айткан.
Саясат таануучунун айтымында, Жапаров мындай кескин билдирүүлөрдү жасоого акылуу, анткени азыр Россия менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында да, мамлекеттер аралык ар кандай долбоорлордун, анын ичинде Түрк мамлекеттер биримдигинин Туран долбоорунун алкагында да өз ара аракеттенүү күчөп жатат. Ошондуктан Кыргызстан Батыштын санкцияларынан коркпошу керек.
Ошол эле учурда Марс Сариев Кыргызстандын саясаты бир жактуу болбошу керек деп эсептейт.
“Биздин мамлекет бир уюлдуу позицияны кармана албайт, ошондуктан көп векторлордо иштөөгө аракет кылат. Бирок дагы деле негизги стратегиялык вектор - Россия жана КМШ мейкиндиги. Бирок ошол эле учурда Кытай, Түрк биримдиги, Европа өлкөлөрүн эсепке албай коюуга болбойт”, - деди ал.
Ал ошондой эле Европанын Борбор Азия өлкөлөрүнө болгон кызыгуусу жогору экенин, ага Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Олаф Шольцтун бул аймакка жасаган иш сапарлары далил боло алаарын белгиледи.
“Жалпысынан Европа Борбор Азияга катуу бурулуп жатат, анткени Европа ресурстардын альтернативдүү булактарына муктаж”, - деп белгиледи Сариев.