КР Саламаттыкты сактоо министрлиги «Диамед» ЖЧКсынын үч даректе гемодиализ кызматын көрсөтүүгө лицензиясын убактылуу токтотту
1 май

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги «Диамед» ЖЧКсынын үч даректе гемодиализ кызматын көрсөтүүгө лицензиясын убактылуу токтотту

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет: министрликтин дарегине Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан «Диамед» гемодиализ борборлорунда көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатына нааразычылык боюнча кайрылуу келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасынын жана медициналык жардамдын сапатын контролдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган талаптардын сакталышын текшерүү максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.

Иликтөөнүн жыйынтыгында лицензиялык талаптардын бузулушу аныкталып, Кыргыз Республикасынын «Лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамына ылайык, ССМнин лицензиялык комиссиясынын чечими менен «Диамед» ЖЧКсынын лицензиясынын жарамдуулугу мыйзам бузуу себептери жоюлганга чейин 90 күнгө токтотулду.

Лицензиянын токтотулушу төмөнкү филиалдарга тиешелүү:

  • Бишкек шаары, Семетей көчөсү, 39;
  • Чүй облусу, Москва району, Александровка айылы, Я. Шиваза көчөсү, 43;
  • Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Турусбеков көчөсү, 37.

Өмүр үчүн маанилүү болгон медициналык жардам үзгүлтүккө учурабашы үчүн, Саламаттык сактоо министрлиги Гемодиализ бейтаптарынын коомунун өкүлдөрү менен биргеликте бейтаптарды башка жеке медициналык борборлорго — гемодиализ кызматтарын көрсөткөн мекемелерге которуу иштерин уюштурган.

Атап айтканда:

  • Бишкек шаарындагы филиалдан 74 бейтапка башка борборлордо дарыланууну улантуу мүмкүнчүлүгү боюнча маалымат берилген жана бейтаптар өз каалоосуна ылайык жайгаштырылган;
  • Александровка айылындагы (Чүй облусу) 46 бейтап башка альтернатива мекемелерге багытталган;
  • Балыкчы шаарындагы (Ысык-Көл облусу) 29 бейтап да аймактагы жеткиликтүү медициналык уюмдарга которулган. Ар бир бейтапка терапияны улантуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө өзүнчө маалымат берилген.

Ал эми медициналык мекемелердин жетекчилерине бейтаптарды жетиштүү ресурстардын негизинде кабыл алуу тапшырмасы берилген дарылоодо үзгүлтүк болбошу үчүн.

Муну менен катар, ССМ менен «Диамед»  ЖЧКсынын лицензиясынын токтотулушу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш иши менен байланыштуу эмес экенин белгилейт, тактап айтканда прокуратура тарабынан иш козголгон эмес. Бул тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалды көзөмөлдөөнү улантат жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты менен коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин эске салат.