Кыргызстандын делегациясы Кытайда өткөн эл аралык медициналык форумга катышууда
1 май

Кыргызстандын делегациясы Кытайда өткөн эл аралык медициналык форумга катышууда

2025-жылдын 28-апрелинен 30-апрелине чейин Фанченгган шаарында (Гуанси-Чжуан автономиялык району,) "Медициналык инновациялар жана кызматташтык - 2025" эл аралык форуму өтөт.

29-апрелдеги ачылыш аземине Кыргыз Республикасынан Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов жана министрдин кеңешчиси Элнура Боронбаева катышты. Манас Токтомуратов куттуктоо сөзүндө саламаттыкты сактоо тармагында эл аралык тажрыйба алмашуунун жана өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, форумдун катышуучуларына жемиштүү иш жана ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнү каалады.

Форум саламаттыкты сактоо министрликтеринин, алдыңкы илимий жана медициналык мекемелердин, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн эл аралык уюмдарынын өкүлдөрүнүн алдыңкы билимдерин жана медициналык чечимдерди алмашуу аянтчасына айланды.