Балыкчыда прокуратуранын имараты ачылды
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасынын административдик имаратын расмий ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Иш-чаргаа башкы прокурор Максат Асаналиев катышты.
Иш-чарада Башкы прокурор, бул административдик имарат прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайык жүргүзүүгө шарт түзүп, жарандар менен иш алып баруунун институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталгандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган иштер мындан ары да ырааттуу түрдө улантылат жана бул чаралар укук коргоо системасынын натыйжалуулугун арттырууга кызмат кылат.
