Ата-энелер балдарды эмдөө жөнүндө эмнени билиши керек
Эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу, кайсынысы сиздин балаңызга керек экенин аныктоо, эмдөөгө даярдык көрүү жана эмделгенден кийин көзөмөлдө болуу үчүн дарыгерге кайрылуу зарыл.
Бала төрөлгөн күнүнөн тартып Үй бүлөлүк медицина борборуна каттоого туруу керек. Ал жактан балага атайын медициналык карта ачылат. Картага баланын өнүгүүсү жөнүндө, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жана жасалган эмдөөлөр тууралуу так маалымат жазылат. Баланы бакчага же мектепке берээрде, же дарыгер алмашканда бардык эмдөөдөн өткөндүгүн көрсөтүү үчүн бул маалыматтын пайдасы тиет.
- Эмдөөгө карата жана каршы көрсөтмөлөр
Иммундаштыруунун алдында дарыгер (фельдшер) ата-энеден бардыгын дыкаттык менен сураштырат. Сураштыруунун башкы максаты — буга чейин эмне менен ооруган, анын ичинде өнөкөт оорулары, буга чейин дары каражатын киргизүүдө кандай реакция же татаалдашып кетүү болгон, дарыларга, тамак-ашка болгон аллергиялык реакциялары тууралуу билип аныктоо; организмдин индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн аныктайт (ара төрөлүү, төрөт учурунда жаракат алуу, тарамышы түйүлүү), ошондой эле инфекциялык оорулуулар менен контакт болгонбу жана буга чейинки эмдөөлөр качан жасалгандыгын тактайт. Дене табынын көтөрүлүшү менен коштолгон курч ооруда (суук тийүү, ангина, бронхит, грипп, пневмония ж.б.) эмдөөнү бала айыкканга чейин жылдыруу керек.
- Даана байкалган аллергиялык реакция
Эгер бала түрдүү аллергияларга дуушар болсо, анда дарыгерге алдын ала билдирип, кошумча чара көрүү тууралуу сүйлөшүү керек.
Эсиңизде болсун, эмдөө күнүнө чейин бир-эки күн калганда жана эмдөөдөн бир-эки күн кийин рационго жаңы тамак-аш киргизбей туруу зарыл. Эгер баланы эмизсеңиз, өзүңүздүн рационуңузга дагы жаңы тамак-ашты кошпой туруңуз.
- Анализдер жана дарыгерлердин кошумча уруксат берүүсү
Дарыгер эмдөөгө чейин кошумча анализ тапшыруу же тиешелүү адистерге көрүнүү керек экенин аныктайт.
Мисалы, эгер педиатрга нерв системасындагы өзгөрүүлөр түшүнүксүз болсо, ал баланы неврологго көрсөтүүгө жөнөтөт. Андан кийин эмдөө тууралуу жана кайсы түрүн жасоо керектигин чечет.
- Эмдөө күнү
- Сиз дарыгериңизден эмдөө, эмдөөнүн зарылчылыгы, мүмкүн боло турган реакциялар жана баш тартуунун кесепеттери тууралуу маалымат алууга укугуңуз бар.
- Дарыгер өз кезегинде балаңызда кандайдыр каршы көрсөтмөлөр же эмдөө өткөрүүгө атайын алдын алуу чараларды көрүү керектигин аныктоо үчүн жогорудагы бөлүмдөрдө эскертилген суроолорду берет.
- Дарыгерге суроо берүүдөн тартынбаңыз. Мисалы, балага кандай эмдөө каражаты менен эмдөө жасалат, качан жана кандай реакциялар болушу мүмкүн жана кандай учурларда медициналык жардамга кайрылуу керек.
- Баланы ийне саят, доктурга алып барам деп коркутуу туура эмес. Өмүр бою негативдүү таасирде калат. Эгер эс тартып калган бала болсо, дарыгерлер азыр эмне кылат, башкысы - эмне үчүн аны жасоо керек экенин түшүндүрүп бериңиз. Ийне сайып жатканда, баланы кыймылдатпай катуураак кармаңыз. Иммунизацияны өткөргөн медициналык кызматкер баланы кармабайт. Эмдөөдөн кийин бейтапканадан кетип калууга шашылбаңыз. Дарыгер же медайым алыс эмес жерде 30 мүнөт күтө турууну сунуштайт. Бул бир чети баланы сооротууга жардам берсе, экинчи жагынан кокус вакцинага реакция жүрө турган болсо, дароо жардам берүүгө шарт түзөт.
- Дарыгерден дене табын түшүрүүчү дарыны кандай өлчөмдө берүү керек экенин, андан тышкары кандай белгилер пайда болгондо дароо байланышуу керек экенин сурап алыңыз.
- Үйдөн да баланын абалына тынымсыз көз салып туруңуз. Эмдөөдөн кийин бала шалдырап, тынчы кетип, дене табы көтөрүлөт. Ийне сайган жери кызарып, дөмпөйүп, кол тийгизбей ооруйт.
- Ийне сайган жерине компресс коюп, мазь сүйкөгөн болбойт. Өзүм билемдик жасоонун кереги жок.
- Эмдөө алган күнү баланы жуунтпаңыз. Зарылчылык бар болсо, ийне сайылган жерине тийгизбей жылуу суу менен денесин сүрүп коюңуз.
- Эмдөө жасалгандан бир күн өткөндөн кийин
- Дарыгер эмдөө жасалгандан кийин бир нече күн баланын температурасына көңүл бөлүү керектигин эскертет. Зарылчылык пайда болсо дене табын түшүрүүчү дарынын өлчөмүн жана кайсы учурда колдонуу керектигин сурап алыңыз.
- Эмдөөдөн кийин баланын абалына же анын жүрүм-турумуна сарсанаа болуп жатсаңыз дарыгерге кайрылыңыз.
- Киши көп чогулган жерлерге барбаңыз, конокко барып же үйгө конок чакырууга болбойт. Бала эмдөөдөн кийин терс реакциянын себепкери болгон инфекцияны башка адамдардан жугузуп алышы мүмкүн.
- Эмдөөдөн кийин бир нече күндүн ичинде жаңы тамак же азык бербегенге аракет кылыңыз. Ошондой эле аллергияны козгоочу азыктарды бербеңиз. Эгер дене табын түшүрүүчү дары бергенден кийин баланын дене табы түшпөсө, тескерисинче 390С көтөрүлүп, баланын абалы начарласа, дароо тез жардам чакырып же өзүңүз ооруканага жеткириңиз.
- Эгер жергиликтүү реакциялар (ийне сайган жери кызарып, шишип же катуу оорутса) баланын тынчын алып, 3 күнгө чейин созулса, анда медициналык кызматкерге кайрылып жардам алыңыз.
