Asman Airlines учагы Бишкек–Баткен каттамын ийгиликтүү аткарды
5 октябрь

Asman Airlines учагы Бишкек–Баткен каттамын ийгиликтүү аткарды

“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек–Баткен багыты боюнча алгачкы каттамын аткарды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Алгачкы каттам менен 80 жүргүнчү Баткен шаарына учуп келди.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, учак мындан ары жуманын шейшемби күнү Раззаков шаарына, бейшемби күнү Баткен шаарына каттайт.