
Ош шаарында жаңы аллея курулууда
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Г. Давыдов көчөсүндө (Шейит-Дөбө) заманбап аллеянын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аллеянын аймагында буга чейин каралбай калган эски бак-дарактар алынып, алардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулду. Аны менен катар, суу үнөмдөөчү автоматташтырылган суугаруу жана жарыктандыруу системалары орнотулду.
Жөө жүргүнчүлөр үчүн аллеяга тротуарлар төшөлүп, декоративдик тосмолор коюлду.