Ош–Сары-Таш–Эркештам жолундагы кырсыктан эки күндө он адамдын өмүрү кыйылды
Маалыматка ылайык, 31-октябрда Ош–Алай унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда оор кырсык катталып, беш адамдын өмүрү кыйылды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, маркумдар бара жаткан жеңил унаа көмүр ташып бара жаткан жүк унаасы менен кагышкан. Кырсыкта көз жумгандар Жылуу-Суу айылында өткөн тажиядан кайтып келе жатышкан деген маалымат айтылууда.
Буга чейин, 30-октябрда, Алай районунун аймагында дагы бир жол кырсыгы катталып, беш адам каза тапкан. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык Ош–Сары-Таш–Эркештам жолунун 78-чакырымында болгон. “Ауди-80” үлгүсүндөгү жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада төрт адам окуя болгон жерде, ал эми дагы бир жүргүнчү ооруканада көз жумган.
Маалыматтарга караганда, каза болгондор – тойго бара жаткан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.
Учурда эки кырсыктын тең себептери жана кырдаалдын чоо-жайы такталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
