
Баткен облусунун аймагында өткөрүлгөн «Рулда» аталышындагы рейддин жыйынтыгы чыгарылды
Баткен ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жол кырсыктарын алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-майдан 11-майга чейин «Рулда» аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлдү.
Рейддик иш-чаранын алкагында 1-майдан 11-майга чейин жалпы 1544 укук бузуу протоколу түзүлүп, анын ичинен
- Мас абалында унаа башкаруу учурунда 56 айдоочу кармалган.
- Каршы кыймылга чыгуу менен озуп өтүү эрежесин бузган 180 айдоочу токтотулуп, 2млн 700мин сомго.
- Автоээнбаштык жасагандыгы үчүн 10 айдоочуга 150мин сомго.
- Мыйзамсыз алдыңкы каптал терезелерин караңгылатуу (тонировка) 14 айдоочуга 280мин сомго айып протоколудору толтурулду.
Ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган 186 айдоочунун унаасы атайын айып короо жайына токтотулган.