Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан чоң өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жаран кармалды
21 октябрь

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан чоң өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жаран кармалды

2025-жылдын 17-октябрында Аламүдүн РИИБне К.А. атту жаран арызы менен кайрылып, ал арызында А.А. атту жаранга чара көрүүнү суранган, себеби 2025-жылдын 30-май күнү А.А. анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен башка адамга таандык болгон «Манас-Ата» конушунда жайгашкан жер тилкесин 28 000 АКШ долларына баалап, ага сатып жибергенин билдирген. Ошондой эле, жабырлануучуга чоң өлчөмдө материалдык зыян келтирип, качып кеткени аныкталган.

Бул факт Аламүдүн РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1959-жылы туулган А.А. атту жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Эгерде сиз А.А. атту жарандын мыйзамга каршы аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз же тергөө ишине жардам бере турган кандайдыр бир маалыматыңыз бар болсо, Аламүдүн РИИБге кайрылууңузду же төмөнкү телефондор аркылуу маалымат беришиңизди суранабыз: (312) 36-35-27, (312) 36-35-23, кыска номер 102.