Бишкекте Армейская көчөсүндөгү жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда
21 октябрь

Бишкекте Армейская көчөсүндөгү жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Армейская көчөсүндөгү жолдорду капиталдык оңдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кийизбаев көчөсү 145тен Армейская көчөсү 177Ага чейинки тилкеде иш жүрүп жатат. Оңдолуп жаткан участоктун жалпы узундугу 550 линиялык метрди түзөт.

Буга чейин бул участокто асфальт төшөлгөн эмес.