КР ТИМ башчысы ТМУнун башкы катчысы менен жолугушуу өткөрдү
Бишкекте бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин жолугушуусу өттү.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна быйылкы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарына көңүл буруу менен, ТМУ ишмердүүлүгүнүн негизги маселелерин талкуулашты.
Анда Будапешттеги мамлекет башчыларынын Бейформал Саммитинин күн тартибине, ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна өзгөчө көңүл бурулду.
