Оштогу  Көкүм-Бий көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланууда
12 май

Оштогу Көкүм-Бий көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланууда

Ош шаарындагы Көкүм-Бий көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, жумуштардын алкагында учурда Кеңеш айылынан баштап, Бирлешкен айылына чейинки болжол менен 2 чакырымга жакын жол аралыгына асфальттын биринчи катмары төшөлүүдө.

Ал эми жолдун калган бөлүгүндө саздак жерлер казылып, ылайыкташтырылган таштар менен толтурулуп, тегизделүүдө. Жакынкы күндөрү асфальт төшөө иштери башталат.

Мындан тышкары, аталган көчөдө ирригациялык системаларды куруу, жол четиндеги бордюрларды орнотуу жана суу түтүктөрүн жер астынан өткөрүү иштери да аткарылууда.