Чүй облусунун ички иштер органдарына 21 автоунаа тапшырылды
Бүгүн Чүй облусунун ички иштер органдарына 21 автоунаа тапшырылды. Бул автоунаа тапшыруу аземине Чүй ОИИББнын жетекчилиги, башкы башкармалыгынын кызматтарынын башчылары, Чүй облусунун шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов Чүй облусунун ичики иштер органдарынын материалдык-техникалык базасы жаңыланып, бардык тармактарга автоунаалар берилип жаткандыгына токтолду.
«Бүгүнкү күн – Чүй облусундагы ички иштер органдары үчүн өзгөчө маанилүү жана кубанычтуу күн. Ички иштер министри Улан Омокановичтин колдоосу менен Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына 21 кызматтык автоунаа тапшырылып отурат. Бул биздин ишмердүүлүгүбүздү натыйжалуу уюштуруп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда чоң жардам болору талашсыз», – деди К.Абдырахманов.
Иш-чарада облустун аймагындагы коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө берилген автоунаалар чоң жардам болору белгиленип, кызматтык автоунааларды жакшы кармоо бооюнча тапшырмалар берилди.
