ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Баткенде даярдык маселеси талкууланды
Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча отурумдар өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Жыйындар президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги астында өттү.
Жыйынга райондук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышты.
БШКнын Кадамжай районундагы жана Кызыл-Кыя шаарындагы өкүлүдөрү тарабынан шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана шайлоо округдары боюнча маалымат берип, уюштуруу иштерин түшүндүрдү.
Жыйындын жүрүшүндө шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына ар тараптуу жардам көрсөтүү, шайлоо участкаларын техникалык жана байланыш каражаттары менен камсыз кылуу, 30-октябрь тесттик добуш берүүгө даярдык көрүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу сыяктуу тапшырмалар белгиленди.
Ошондой эле укук коргоо органдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди үгүт иштерине аралашпоого чакырып, мыйзам бузуу учурлары катталса тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертишти.
Жыйындын максаты — алдыдагы шайлоону мыйзам чегинде, ачык-айкын жана тартиптүү өткөрүү үчүн уюштуруучулук жана координациялык иштерди күчөтүү болуп саналат.
