Бишкекте профессор Зыфар Игембердиевдин 117 жылдыгына арналган конференция өттү
19 апрель

Бишкекте профессор Зыфар Игембердиевдин 117 жылдыгына арналган конференция өттү

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев бүгүн көрүнүктүү хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Зыфар Игембердиевдин туулган күнүнүн 117 жылдыгына арналган "КММАнын илим күндөрү-2025" илимий-практикалык конференциясынын ардактуу коногу болду. Салтанаттуу иш-чаралар Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) базасында өттү.

Министр өз сөзүндө, Зыфар Игембердиевдин Кыргызстандын саламаттыкты сактоо жана медицина илиминин өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгиледи.

«Зыфар Игембердиев жөн гана көрүнүктүү адис эмес, анын өмүрү жана иши кесиптик ар-намыстын, илимий ак ниеттүүлүктүн жана өз ишине жан аябастыктын символу болуп калган легендарлуу инсан. Ал Кыргыз ССРнин саламаттыкты сактоо министри, Фрунзе шаарындагы Улуттук госпиталдын негиздөөчүсү жана биринчи башкы врачы, КММИнин госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы болгон. Анын медицина илиминин өнүгүшүнө жана жогорку квалификациялуу врачтардын жана окумуштуулардын бүтүндөй муундарын тарбиялоого кошкон эмгегин ашыра баалоо мүмкүн эмес. Анын ысымы биздин медицинанын тарыхында эң жогорку профессионализмдин, жан аябастыктын жана өз кесибине берилгендиктин үлгүсү катары түбөлүккө калат», – деп билдирди Эркин Чечейбаев.

«КММАнын Илим күндөрү – 2025» конференциясы Кыргызстандагы медициналык жана илимий коомчулук үчүн маанилүү окуя болуп, илимпоздорду, дарыгерлерди, окутуучуларды жана студенттерди заманбап медицинанын жетишкендиктерин талкуулоо жана Зыфар Игембердиевдин мурасын даңазалоо үчүн бириктирди.